• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25
НМУ Таласта IV"Достук" фестивалында болуп кайтышты

НМУ Таласта IV"Достук" фестивалында болуп кайтышты

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери Талас мамлекеттик университети уюштурган «Достук» фествалында болуп кайтышты. Ага НМУнун ар тараптуу таланты бар ырчы, бийчи, акын, комузчу студенттери катышышты. Студенттер фестивалда Манас айтуу, кѳркѳм окуу, комуз чертүү, бий, эстрада жанрларында абдан жакшы даярдык менен чыгып, алты номинациянын ээси болуп кайтышты. Студенттерди университетибиздин ректору, тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору, окутуучулар коштоп барышты. Университетибиз фестивалда […]

Билим берүү программаларынын бет ачаарлары

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде № 670 токтом менен бекитилген «Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоонун тартибине ылайык» айрым билим берүү программаларын аккредитацияга даярдоо максатында буйруктун негизинде негизги билим берүү программаларынын бет ачаарлары бекитилген график боюнча болуп өттү. Бардык кафедралардын бет ачаарлары ийгиликтүү өттү. Көптөгөн талкуулар, кызыктуу суроолор болду. Аккредитациядан ийгиликтүү өтүүгө сунуштар берилди. Слайд

27-май Китепкана күнү

Китептердин дүйнөсүндө миңдеген, Ким сүйлөсө суроо калбас билбеген. Китепкана мисир тутаар ыйык жай, Билим үйү, акыл кошуп кел деген. Ж. Саалаев Китеп — адамзаттын улуу кенчи. Ошондуктан маалыматтар заманында дагы китеп руханий тарбия берүүнүн, инсанды калыптандыруунун каражаты катары кызмат өтөп жатат. Ал эми китепканалар адам баласынын жүрөгүнүн жылуулугун сактап, мезгилдин, муундардын байланышын камсыз кылууда. Келечек муундарды маалымат ресурстары менен камсыз кылып, аларды руханий […]

Конкурс! Конкурс! Конкурс! Видеороликтердин сынагына активдүү катышууга баардык студенттерди чакырабыз

2017-жыл «Адеп, ыйман жана маданият» жылынын алкагында жаштарды мекенчилдикке, аны сыйлоо, урматоо, тарбиялоо, чыгармачыл аналитикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү, өзүнүн мамлекетинин жашоосуна активдүү катышуу максатында уюштурулуп жаткан «Жаштар жана шайлоо: бул укугуңбу же ардактуу милдетиңби?» деген темадагы видеороликтердин сынагына активдүү катышууга баардык студенттерди чакырабыз. Акыркы тапшыруу мөөнөтү 9-май, 2017-жыл. Сиздерди белектер күтөт! Назира Бабаева nazirababaeva@mail.ru, тел.700 482 434, жана НМУнун китепканалары менен байланышсаңыздар болот.

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!