Бүгүн, 19-декабрда, Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында күн тартибиндеги маселелер каралып, кээ бир структуралык бөлүмдөрүнүн отчету да талкууланды. Бүгүнкү отурумдун өзгөчөлүгү болуп окутуучу Кулманбетова Сагынбүбү Мусековнанын физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы берилгендигинин тастыктаган диплому тапшырылганын ректор Сияев Таштанбек Монолдорович жагымдуу кабары менен улады. Мындан тышкары, Мамбеталиев Жолдошбек Тезекбаевич — Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзуна Искусство таануу циклы боюнча […]
Таштанбек Моңолдорович К. Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледждин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, мотивациялык тренинг өткөздү.
Бугун, 18-декабрда, НМУнун ректору Таштанбек Моңолдорович К. Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледждин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, мотивациялык тренинг өткөздү. Профессор студенттерге алдыга максат коюп, убакытты туура пайдалануу керектигин баса белгилеп, жаштар менен кенен баарлашты.
НМУнун өнөктөштөрүнүн бири — Финка банк
17-декабрда С. Нааматов атындагы НМУнун өнөктөштөрүнүн бири — Финка банк университеттин жатаканасына автомат кир жуучу машинасын жана нан бышыруучу мешин белекке тартуулады. Бул тартууло жатакананын студенттерине жаңы жылдын астында эң сонун белектердин бири болду. Өнөктөшүбүзгө ыраазычылык билгизебиз жана иштерине ийгиликтерди каалайбыз!
«Тот самый торт» в городе Нарын
Поздравляем Nurgul Abdykerimova и Nazira Beishenbekova! 🏆Они стали дипломантами государственной молодежной премии им. Айтматова за вклад в развитие предпринимательства. Нургуль и Назира успешно развивают свое дело — кондитерскую «Тот самый торт» в городе Нарын и обеспечивают нарынчан вкусной выпечкой. Мы рады, что стали частью этой настоящей истории успеха. Продолжаем поддерживать молодежь Кыргызстана! 🇰🇬
13−14-декабрда С. Нааматов атындагы НМУнун спорт аянтында улуу жазуучу Ч. Айтматовтун туулган күнүнө арналган уландар жана кыздар арасында волейбол турнири болуп өттү.
13−14-декабрда С. Нааматов атындагы НМУнун спорт аянтында улуу жазуучу Ч. Айтматовтун туулган күнүнө арналган уландар жана кыздар арасында волейбол турнири болуп өттү. Турнир «Бухгалтердик эсеп, каржы жана туризм» кафедрасынын студенттери тарабынан уюштурулуп, Нарын шаардык мэриясы колдоо көрсөттү. Турнир жалпылай эки күнгө созулуп, анда 11 команда ат салышып мыктылары жеңишке ээ болушту. Мелдеште НМУнун кана студенттери эмес, Нарын медициналык колледжинин студенттери да таймашты. Мелдеш […]