• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25

MedExpo көргөзмөсүнө жана KyrMedu долбоорунун тегерек столуна НМУнун окутуучулары катышып келишти

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучуулары, Агрардык-техникалык факультетинин деканы доцент Чекирова Гүлмира Кожобековна жана Агрардык-техникалык дисциплиналар кафедрасынын профессору Байбагышов Эрмек Муратканович, 2018-жылдын 12−13-апрель күндөрү Бишкекте өткөн MedExpo көргөзмөсүнө катышышты. Анда Кыргызстанда медициналык аспап-жабдыктарды сатуучу жана камсыздоочу компаниялар өздөрүнүн продукцияларын сунушташты. Эразмус Плюс программасынын KyrMedu долбоорунун алкагында НМУда жаңы ачылган «Саламаттык сактоодогу информатика» адистигине сабак берүү үчүн медициналык чакан аспап-жабдыктарды […]

Тарыхчы студенттердин экскурсиясы

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин «Тарых, философия жана социалдык- экономикалык билим берүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулук жааматы жана тарых адистигинин студенттери, президенттин жарлыгы боюнча «Аймактарды өнүктүрүү» жылына, «Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына» карата жергебиздеги тарыхый-этнографиялык эстеликтерди окуп үйрөнүү максатында, архивдик-музейлик практикалык экскурсияга барып кайтышты. Алар Кочкор айылындагы тарыхый мекен таануу музейинде, Боом капчыгайындагы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө арналган мемориалдык комплексте болуп, куран […]

С. Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

2018- жылдын 16-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Тарых, философия жана социалдык — экономикалык билим берүү» кафедрасы тарабынан «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» — аттуу тегерек стол облустук деӊгээлде уюштурулду. Аталган тегерек столго Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Нарын облусундагы координатору С. Нурмамбетов, НМУнун ректору, профессор Д.К. Өмүралиева, НМУнун илим боюнча проректору Н.А.Чоробаева, Нарын шаарындагы К. Мамбеталиева атындагы тарыхий-этнографиялык музейинин […]

НМУда филология илимдеринин доктору, профессор Т. Токоев атындагы кыргыз тили жана адабияты усулканасы ачылды

2018-жылдын 14-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде кыргыз тили жана адабияты усулканасынын ачылыш аземи болду. Усулканага филология илимдеринин доктору, профессор Т. Токоевдин ысымы ыйгарылды. Ачылыш аземин НМУнун ректору э.и.д., профессор Д.К.Өмүралиева ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Окумуштуунун үй-бүлөсү Т. Токоевдин өздүк китепканасындагы 2000ге жакын илимий китептерди жана адабияттарды С. Нааматов атындагы НМУнун илимий китепканасынын фондуна белек кылышты. Бул иш-чарада окуудагы […]

НМУнун окутуучулары жана студенттери Казакстанда

2018-жылдын 5-мартынан 7-мартына чейин С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин ага окутуучусу Мамбеталиев Жолдошбек Тезекбаевич, окутуучу Омуров Айбек Нарынбекович. студенттер Ишенбеков Самат, Курманбек уулу Көчөрбай, Токтобеков Мирлан Алматы шаарындагы Абай атындагы улуттук педагогикалык университетинин астындагы искусство, маданият жана спорт институтунда болуп кайтышты. Баргандар институттагы искусствонун бардык багыттарында жасалгаланган окуу өнөрканаларын көрүп, анда окуп жаткан студенттердин чыгармачылык менен аткарган […]

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!