2018-жылдын 11-майында Нарын мамлекеттик университетинде Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын, облустук казыяттын жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облустук башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Диний экстремизм: себептери жана күрөшүү жолдору» деген темада тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге диний экстремизм деген эмне, Кыргызстанда азыркы учурда бул багыттагы абал кандай, аны менен кантип күрөшүү керек деген маселелерге укук коргоо органдарынын да, ислам […]
Moodle платформасын колдонуу боюнча тренинге катышуу
Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин базасында Эразмус+ программасынын «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия бгытында жогорку билимди өнүктүрүү» (KyrMedu) долбоорунун алкагында «Электрондук окутууну (E-Learning) уюштурууда LMS Moodle платформасын колдонуу (Орнотуу, администрлөө жана өзгөчөлүктөрү)» деген темадагы семинарга 2018-жылдын 20−21- апрель күндөрү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык факультетинин «Маалыматтар технологиялар» кафедрасынын окутуучулары Кулманбетова […]
Нарын мамлекеттик университетинин адистиктери көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өтүштү
Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин Аккредитациялык кеӊешинин 8-май, 2018-жылдагы отурумунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 550 600 — «Көркөм билим берүү», 670 300 — «Транспорттук процесстердин технологиясы», 520 800 — «Экология жана жаратылышты пайдалануу», 532 000 — «Дене тарбия» адистиктерин 5 жылга аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Аталган адистиктерди аккредитацияга даярдоо иштери 2017-жылдын октябрь айында башталган. Өткөн 7 айдын ичинде атайын иштелип чыгып, бекитилген пландын […]
Нарын университетинин кызматкерлери көз карандысыз коомдук аккредитация боюнча тегерек столго катышты
2018-жылдын 26-апрелинде Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин базасында Эразмус Плюс программасынын «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытындагы жогорку билимди өнүктүрүү» (KyrMedu) долбоорунун алкагында көз карандысыз коомдук аккредитация боюнча уюштурулган тегерек столго С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Окуу бөлүмүнүн башчысы Ажыбаев Дүйшөнбек Мокешович, маалыматтык технологиялар кафедрасынын башчысы Бейшеналиева Уулкан Усенбековна жана KyrMedu долбоорунун […]
НМУнун доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди
2018-жылдын 11−13-апрелинде Ташкентте билим берүүнү алдыга жылдыруу максатын көздөгөн субрегионалдык семинардын алкагында «Туруктуулук мугалимдерден башталат» аттуу долбоордун жыйынтыгы презентацияланды. Презентацияны улуттук координатор Жылдыз Кадыркуловна Дуйшенова жасады. Семинарга С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин доценти, п.и.к. Бурулбүбү Биймурсаева катышып келди. Ошондой эле, семинарга Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары жана адистери Абакир Мамытов, Калыйбубу Джунушалиева, республикалык педагогика кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра […]