• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25

АТД кафедрасынын студенттери илимий — изилдөө жүргүзүшүүдө

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык дисциплиналар" кафедрасынын докторант, аспиранттары «Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу» адистигинин студенттери менен бирдикте жаздын келишин Нарын шаарындагы борбордук базардын айланасындагы жол кесилиштериндеги кыймыл тартиптерин изилдөөдөн башташты. Изилдөөнүн жетекчиси АТФ кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты Э.Д. Молдалиев. Бул изилдөөнүн жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге аталган жерде жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртуу боюнча сунуштар киргизилмекчи.

Казак студенттери НМУдан билим алышат

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алмашуу программасы боюнча түзүлгөн кызматташуу келишиминин негизинде 2017−2018-окуу жылынын 2-жарым жылдыгында мобилдүүлүк боюнча Казакстандын Алматы университетинин 8 студенти НМУда билим алышууда. Казак студенттери Нарын мамлекеттик университетинин информатика, англис тили, педагогика, биология жана тарых багыттарында окушат. Алар менен бирге Алматы университетинин 2 доценти НМУнун профессордук-окутуучулук жамааты менен тажрыйба алмашууда. Сүрөттөр

Визит представителей Enactus Kyrgyzstan в НГУ

В феврале 2018 года с официальным визитом прибыла исполнительный директор Enactus Kyrgyzstan Гульбарчин Суюнова вместе с партнерами Enactus (представители ООН и Газпром-Нефть). В первом дне Гульбарчин Суюнова отдельно встретилась с командой Энактас НГУ в KulturCafe, которая недавно сформировалась, и с академическими эдвайзерами команды: Жанара Байтугелова и Абдыкеримова Нургуль. Директор поделилась своим опытом, рассказала о национальных соревнованиях, о мировом кубке, которые проводятся ежегодно, также поделилась секретами командной работы. На следующий день Гульбарчин Суюнова вместе […]

Студенттерге Г. Мамбеталиева атындагы стипендия тапшырылды

2018-жылдын 22-январында Нарын мамлекеттик университетинде «Дордой» ассоциациясынын өкүлү болду. Ал окууда ийгиликтерге жетишкен жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге Г. Мамбеталиева атындагы стипендиянын сертификатын тапшырды. Быйылкы окуу жылынын башында аталган фонддун талабына ылайык университетибиздин 8 студенти өз документтерин тапшырып, анын ичинен филология факультетинин 3-курсунун студенти Г. Тукешова жана педагогика факультетининин 4-курсунун студенти Бакытбекова Айчолпон татыктуу деп табылган. Стипендия бир окуу жыл бою ай сайын […]

Өлкөнүн өнүгүү стратегиясы талкууга алынды

2017-жылдын 28-декабрында Нарын мамлекеттик университетинде «Кыргыз Республикасын 2018−2040-жылдарда туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы. Таза коом. Жаӊы доор» стратегиялык документинин долбоору талкууланды. Ачык талкууга университеттин «Экономика жана бухгалтердик эсеп», «Финансы жана менеджмент», «Тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү» кафедраларынын окутуучулары, университеттин жетекчилиги жана студенттик жамааттын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар өнүгүү стратегиясынын долбоору боюнча өз пикирлерин айтышып, талкуу ачык-айрым аӊгемелешүү форматында жүрдү. Маектешүүнүн жүрүшүндө стратегиянын […]

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!