• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25

Нарын мамлекеттик университетинин адистиктери көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өтүштү

Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин Аккредитациялык кеӊешинин 8-май, 2018-жылдагы отурумунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 550 600 — «Көркөм билим берүү», 670 300 — «Транспорттук процесстердин технологиясы», 520 800 — «Экология жана жаратылышты пайдалануу», 532 000 — «Дене тарбия» адистиктерин 5 жылга аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Аталган адистиктерди аккредитацияга даярдоо иштери 2017-жылдын октябрь айында башталган. Өткөн 7 айдын ичинде атайын иштелип чыгып, бекитилген пландын […]

Нарын университетинин кызматкерлери көз карандысыз коомдук аккредитация боюнча тегерек столго катышты

2018-жылдын 26-апрелинде Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин базасында Эразмус Плюс программасынын «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытындагы жогорку билимди өнүктүрүү» (KyrMedu) долбоорунун алкагында көз карандысыз коомдук аккредитация боюнча уюштурулган тегерек столго С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Окуу бөлүмүнүн башчысы Ажыбаев Дүйшөнбек Мокешович, маалыматтык технологиялар кафедрасынын башчысы Бейшеналиева Уулкан Усенбековна жана KyrMedu долбоорунун […]

НМУнун доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

2018-жылдын 11−13-апрелинде Ташкентте билим берүүнү алдыга жылдыруу максатын көздөгөн субрегионалдык семинардын алкагында «Туруктуулук мугалимдерден башталат» аттуу долбоордун жыйынтыгы презентацияланды. Презентацияны улуттук координатор Жылдыз Кадыркуловна Дуйшенова жасады. Семинарга С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин доценти, п.и.к. Бурулбүбү Биймурсаева катышып келди. Ошондой эле, семинарга Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары жана адистери Абакир Мамытов, Калыйбубу Джунушалиева, республикалык педагогика кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра […]

MedExpo көргөзмөсүнө жана KyrMedu долбоорунун тегерек столуна НМУнун окутуучулары катышып келишти

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучуулары, Агрардык-техникалык факультетинин деканы доцент Чекирова Гүлмира Кожобековна жана Агрардык-техникалык дисциплиналар кафедрасынын профессору Байбагышов Эрмек Муратканович, 2018-жылдын 12−13-апрель күндөрү Бишкекте өткөн MedExpo көргөзмөсүнө катышышты. Анда Кыргызстанда медициналык аспап-жабдыктарды сатуучу жана камсыздоочу компаниялар өздөрүнүн продукцияларын сунушташты. Эразмус Плюс программасынын KyrMedu долбоорунун алкагында НМУда жаңы ачылган «Саламаттык сактоодогу информатика» адистигине сабак берүү үчүн медициналык чакан аспап-жабдыктарды […]

Тарыхчы студенттердин экскурсиясы

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин «Тарых, философия жана социалдык- экономикалык билим берүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулук жааматы жана тарых адистигинин студенттери, президенттин жарлыгы боюнча «Аймактарды өнүктүрүү» жылына, «Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына» карата жергебиздеги тарыхый-этнографиялык эстеликтерди окуп үйрөнүү максатында, архивдик-музейлик практикалык экскурсияга барып кайтышты. Алар Кочкор айылындагы тарыхый мекен таануу музейинде, Боом капчыгайындагы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө арналган мемориалдык комплексте болуп, куран […]

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!