«АК КЕМЕ» СТУДЕНТТЕРДИН АРАСЫНДА

Заманыбыздын залкар жазуучусу, коомдук ишмер Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Ак кеме» повести боюнча көркөм окуу С. Нааматов атындагы НМУнун Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканасында жогорку деңгээлде уюштурулду. Бул адабий иш-чарага университеттин студенттери чакырылган. Китепкананын китепканачысы Сартова Жазгүл «Ак кеме» повести боюнча видеопрезентация көрсөтүп, повесть тууралуу кеңири маалымат берди. «Ак-Кеме» повести Ч. Айтматовдун чыгармаларынын ичинде өзгөчө орунду ээлеп тургандыгы баса белгиленди. Көрсөтүлгөн презентация кызыктуу болуп, студенттердин кызуу талкуусун жаратты. Студенттер адабият асманындагы жарык жылдыз Ч. Айтматовдун «Ак кемесинин» түпкүрүндөгү идеяларына сүңгүп кирип, суроо-жооп жүргүзүлдү. Адабий кечеге активдүү катышкан студенттерге китепкана тарабынан белектер тапшырылды. Кеченин соңунда ага китепканачы Г. Токтогулова «Ч.Айтматов — дүйнөлүк доошу бар талант» деген темадагы китеп көргөзмөсү менен тааныштырды.

Сүрөттөр