Кызыл алма чыгармасын угуза окуу

2018-жылдын май айында Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканада залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан угуза окуу иш-чарасынын алкагында жазуучунун «Кызыл алма» повестин угуза окуу уюштурулду. Иш-чараны китепкана кызматкери Назира Бабаева алып барды. Иш-чара чыгармадагы кемеге окшоштурулуп жасалгаланган окуу залында башталып, алып баруучу жана анын жардамчылары- студенттер кинофильмде көрсөтүлгөн убактагы кийимдерди кийинишип, алардын образдарын чагылдырууга кылган аракеттери катышуучулардын иш-чарага болгон кызыгуусун арттырды. Уюштуруучулар чыгарманын түп нускасы менен анын негизинде тартылган кинофильминин ортосундагы айырмачылыктарды табуу, ага анализ берүү максатын көздөгөн. Иш-чара учурунда чыгармадан көркөм окуу өткөрүлүп, кинофильмдин үзүндүлөрү көрсөтүлүп, тартылуу тарыхы айтылып берилди. Алып баруучу чыгарма менен тааныштырып бүтүп, аягында катышуучуларга викторина уюштурду. Викторинада «Кызыл алма» кинофильми боюнча суроолор, тапшырмалар берилип, студенттердин активдүү катышуусу менен коштолду. Мыкты катышуучулар «Кызыл алма» повестинин атайын китепчеси менен сыйланышты. Соӊунда китепкана директору Г. Кыдыралиева, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Аскар уулу Таалай, Н. Бердикожоева өткөрүлгөн иш-чара жөнүндө өзүлөрүнүн жакшы ой-пикирлерин билдиришип, катышуучуларды чыгарманы толугу менен окуп чыгууга чакырышты.

Сүрөттөр