«Ак калпакчан жигиттерди кыздар колдойт»

Бүгүн, 3-март Нарын шаарында Мамлекеттик туунун жана 5-март Ак калпак күндөрүнө карата жөө жүрүш уюштурулду. Жөө жүрүшкө мектеп окуучулары, мугалимдери жана С. Нааматов атындагы НМУнун, педагогикалык, агрардык-экономикалык, медициналык колледждердин студенттери, окутуучулары, мекемелердин кызматкерлери катышты. Кыргыз улутун даңазалоо, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында шаарыбызда жакшы иш-чара болуп өттү. Мындан сырткары, НМУ «Ак калпакчан жигиттерди кыздар колдойт» аттуу акция менен кыргыз улуттук көйнөктөрү менен университеттин кыздары жөө жүрүшкө катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *