📣📣📣 Мугалимдерибиз үчүн сонун мүмкүнчүлүк!

📣📣📣 Мугалимдерибиз үчүн сонун мүмкүнчүлүк!

Кыргызстандык мугалимдер Японияда акысыз окуудан өтө алат

🔵 Кыргызстандагы мектептердин башталгыч жана орто класстарынын мугалимдери Япония өкмөтүнүн бир жылдык агартуучулук программасына катыша алышат.

Программа «Жаш окутуучулар үчүн» деп аталат.

❗️Талаптар:

✅ 35 жаштан жогору эмес;
✅ жалпысынан беш жылдан кем эмес мугалимдик тажрыйба.

🔵 Япон тилин кошумча үйрөнүүгө муктаждар Японияга барган соң алты ай ичинде курска катышат.

🔵 Талапкерлер билдирме-анкетаны 2020-жылдын 28-февралына чейин (жума күнү) Япония элчилигине бериши керек. Дареги: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 16.

❗️Талапкерлерди тандоо эки этап менен өтөт:

🔵 Жазуу жүзүндөгү тест — 2020-жылдын 4-марты. Маектешүү - 2020-жылдын 11-марты.

🔵 Эки сынак тең Адамзатты өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунда өтөт. (Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков 109, Ж. Баласагын атындагы КУУ, 7- корпус, 2-кабат).

❗️Жогорку окуу жайлардын окутуучулары бул программага катыша албайт.

🔵 Кенен маалымат жана керектүү документтерди шилтемеден таба аласыз
https://www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ru/education_ru.html

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *