«Топук» сүттү кайра иштетүү чакан цехи.

Сүттү кайра иштетүүчү «Топук» чакан цехинин ачылышы (уландысы).
С.Нааматов атындагы НМУда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнүн технологиясы багытындагы адистикке «Топук» сүттү кайра иштетүү чакан цехи, окуу-лабораториялык база ачылды. НМУнун ректору Таштанбек Моңолдорович цехти ушул адистиктеги студенттердин билим сапатын жогорулатуунун чоң өбөлгөсү болот деп билдирди.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын 18-июнунда цехтин ачылышына көмөк көргөзүп, кызматташкан өнөктөшүбүз БАУ, тоолуу университеттердин өнөктөшүү программасынын координатору Алиер Мародасейнов мырза эксперт катары таанышып кеткен эле. Бул иш аягына чыгып, бүгүн аземге Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.А.Алымкулов мырза, Нарын шаарынын мэри Н.А.Молдокадыров мырза, доктор Шамш Кассим-Лакха мырза, Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү, Борбор Азия университетинин камкорчулар кеңешинин төрагасы, доктор, профессор БАУнун ректору Сохаил Накви мырза, чакан цехти салтанаттуу түрдө ачышты. Салтанатта НМУнун студенттери, профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери, башка коноктору катышты. «Топук» өнөктөшүбүз БАУ жана өздүк салым аркылуу ачылып ишке киргизилди.
Цех 300 литрден ашык сүттү кайра иштетип жана сүттүн өзүн, кефир, йогурт, каймак, балмуздак чыгара алат.
НМУнун басма сөз кызматы.
@Нарын шаардык мэриясы
@Нарын Облусу
@НАРЫНДЫКТАР
@Онуккон Нарын Шаары

#Нарын шаардык мэриясы
#Нарын Облусу
#НАРЫНДЫКТАР
#Онуккон Нарын Шаары

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *