Биздин окумуштуулардын комплекстүү илимий-изилдөө иштери

Нарын шаарынын тургундарына белгилүү болгондой борбордук базардын айланасындагы жолдо жүрүүнүн баш аламандыгын жөнгө салууга С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин докторанты т.и.к., доцент Э.Д. Молдалиевдин жана Нарын ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчилиги менен бирдикте комплекстүү илимий-изилдөө иштери аткарылган.

Учурда Ленин-Шуллер көчөсүнүн кесилиштерин светофор менен жөнгө салууну уюштуруу иштери өндүрүштө колдонулуп, Орозбак уулу-Шуллер көчөсүнүн кесилиштерин светофор менен жөнгө салууну уюштуруу иштери Нарын ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан ишке ашырылууда.

«Нарын шаарындагы Ленин-Шуллер көчөсүнүн жана Орозбак уулу-Шуллер көчөсүнүн кесилиштерин светофор менен жөнгө салууну уюштуруу» аталыштагы долбоору менен студенттердин илимий иши конкурсунда ТТП-15 тайпасынын студенттери Ж. Жолдошбеков жана М. Жакшылыковдор биринчи орунга ээ болушкан.

Жол кыймылын изилдөө учурундагы көз ирмемдер

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *