НМУ Таласта IV"Достук" фестивалында болуп кайтышты

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери Талас мамлекеттик университети уюштурган «Достук» фествалында болуп кайтышты. Ага НМУнун ар тараптуу таланты бар ырчы, бийчи, акын, комузчу студенттери катышышты. Студенттер фестивалда Манас айтуу, кѳркѳм окуу, комуз чертүү, бий, эстрада жанрларында абдан жакшы даярдык менен чыгып, алты номинациянын ээси болуп кайтышты. Студенттерди университетибиздин ректору, тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору, окутуучулар коштоп барышты. Университетибиз фестивалда активдүү катышкандыгы учун Ардак Грамота менен сыйланды. Аталган фестваль мыкты маанайда жогорку денгээлде ѳттү. Фестиваль ар дубандын студенттерин бириктирип, аларды ынтымакка чакырып, университеттердин арасындагы алаканы мындан ары да жоголутууга ѳбѳлгѳ болоорунда шек жок.

Фестивалга катышкан студенденттерди колдоп, жетекчилик таланттуу студенттерибизге ыраазычылык билдирип, аларды Ардак грамоталар менен сыйлады.

Сүрѳттѳр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *