НМУнун окутуучулары Ат-Башынын «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунда

НМУнун агрардык-техникалык факультетинин маалыматтар технологиясы кафедрасынын окутуучулары Д.М.Ажыбаев, Г. К.Чекирова, М.К.Асыранбекова, М.М.Бекежанов, Э.Т.Ашыров Ат-Башы районундагы Ак Жар айылынын Жанаалы уулу Абдыракман атындагы орто мектепте болуп өткөн «Жылдын мыкты мугалими» конкурсуна калыстар катары катышышып, жеӊүүчүлөрдү аныктоого жардам көрсөтүштү.
Конкурстун катышуучулары абдан жакшы даярдык менен келишкен: алар англис тили, математика, физика, кыргыз адабияты, дене тарбия предметтери боюнча 3-, 7-, 9- класстын окуучуларына ачык сабак өтүшүп, көрсөтмө куралдарынын выставкасын, презентацияларын көрсөтүштү. Ошондой эле, конкурстун катышуучулары атайын университет тарабынан даярдалып барган «Педагогика жана психология» багытында тест тапшырышты. Акырында жеӊүүчү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
Иш сапарында аталган мектептин 9−11- классынын окуучуларына С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жөнүндө, 4 факультет, кафедралар жана адистиктер боюнча маалымат берилип, буклеттер таратылып берилди. Мектептин директору окуучулары менен университетке экскурсия кылышып, жакындан таанышсак деген сунуштарын айтышты.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *