Индия элинин «Маданият кербени» Нарында

2019-жылдын 11-мартында Индиянын Кыргызстандагы элчилиги «Маданият кербени» менен Нарын шаарында болду. Ага Индиянын Кыргызстандагы элчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Э. Алымкулов жана Нарын шаарынын билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.
«Маданият кербени» Махатма Гандинин 150 жылдыгын белгилөөгө арналып, индус элинин маданий мурасы болгон йога, медитация, индия бийи, индус даамдары, вегетериандык тамактар пропагандаланды. Иш-чарага Нарын мамлекеттик университетинин, Ага Хан университетинин окутуучулары, студенттери жана шаардын мектептеринин окуучулары активдүү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө атайын тренер катышуучуларды йоганын айрым элементтерин жасоого чакырып, аларды медитацияга тартты. Бул иш-чара Индия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилени мындан ары чыӊдоо максатына багытталды.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *