Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү

21-февралды «Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү» катары белгилөө жөнүндө чечим бүткүл дүйнөлүк ЮНЕСКО уюму тарабынан кабыл алынган. Аталган уюм бул майрам аркылуу Жер шаарындагы майда улуттардын тилдерин колдоого, алардын көйгөйлөрүнө жалпы адамзаттын көӊүлүн бурууга аракет кылган. Маалыматтарга таянсак, алты миң тилдин эки миңи алсырап, жок болуп кетүү коркунучунда. Ал эми дээрлик унутулуп, бар болгону саналуу киши гана сүйлөй алган эки жүздөй тил бар экен.

НМУнун Ж.И.Саалаев атындагы китепканасынын № 1окуу залында 2019-жылдын 20-февралында «21-февраль — Эл аралык эне тил күнү» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду. Китеп көргөзмөсүнө ар түрдүү улуттардын адабий чыгармалары, кыргыз эне тили жөнүндө маалымат берген китептер коюлду. Китеп көргөзмөсүнө келип, эне тили жөнүндөгү маселеге байланышкан маалыматтар менен кеӊири таанышып кетүүгө чакырабыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *