Китепканачылар үчүн окуу семинары өткөрүлдү

Нарын университетинин алдындагы Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканасында Мугалимдердин билимин өркүндөтүү борборуна курска келген райондук-шаардык мектептердин китепканачылары үчүн «Заманбап китепканалык иш-чаралар» аттуу окуу семинары өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө окурмандардын китепканадан пайдалануу эрежелери, тейлөө бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү, актуалдуу темалар жана белгилүү даталарга карата уюштурулган иш-чаралардын түрлөрү, аларды уюштуруу, китеп топтоо жана иштеп чыгуу, электрондук бөлүмдүн ишмердүүлүгү, системалык-алфавиттик каталог маселелери боюнча кеңири маалымат берилди. Илимий китепкананын ар бир бөлүмүндө экскурсия өткөрүлүп, курстун катышуучулары иш-кагаздар менен таанышып, үлгүлөрүн алышты. Башкы корпустагы № 2 окуу залынын жана мезгилдүү басылмалар залынын ишмердүүлүгү; мезгилдүү басылмаларга жазылуу, картотекалар, авторефераттар, окумуштуулардын портфолиосу боюнча кеңири түшүнүк берилди. Ошондой эле Т. Токоев атындагы кабинеттин, Америка борборунун китеп фондусу, китепканалык иштери менен таанышышты. Илимий китепкананын № 1 окуу залында электрондук каталог, ИРБИС-64-системасы, RDR-программасына окурмандарды каттоо, ачык архив, «Кирлибнет» долбоору, электрондук китептер ж.б. заманбап электрондук ресурстар боюнча кеӊири мазмундагы окуу өткөрүлүп, китепканачылар тажрыйба алышты. Китепканадагы электрондук ресурстар абдан кызыгууну жаратты. Окуу семинары суроо жооп менен коштолуп, жандуу өттү. Катышуучулар заманбап китепканалык иш-чаралар боюнча толук маалымат ала алышты. Семинар видеослайддар менен коштолду. Маалыматтык буклеттер, китепчелер таркатылды. Семинарга катышкан мектеп китепканачылары университеттин китепканасынын тажрыйбасы менен таанышып, көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алышты.
Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *