Индиянын Кыргызстандагы элчиси Нарын университетинде

2019-жылдын 6-февралында Индия мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри жана элчиликтин кызматкери Вишал Гойнди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Кайыповдун коштоосунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде кызматтык ишсапар менен болушту. Университеттин окуу иштери боюнча проректору Чолпонбаев Азиз Карыбекович конокторду жылуу кабыл алып, университеттин билим берүү системасы менен тааныштырды жана бүгүнкү күндө Нарын университетинин Индия мамлекети менен болгон илимий, жана маданий байланыштары тез өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Андан соӊ элчи НМУнун эл аралык байланыштар бөлүмү менен таанышты. Бөлүмдүн адистери А. Думанаева жана М. Дюшекова Индия мамлекетинин «ITEC» техника жана экономика кызматташтык программасынын учурдагы актуалдуулугу жана Нарын университетинин бул программа боюнча жемиштүү жетишкендиктери туурасында маалымат беришти. Жолугушуунун акырында келген коноктор ыраазычылык билдиришип, бул жолугушуу эки элдин ортосундагы кызматташтыктын мындан ары бекемделишине чоң салым кошоорун айтышты.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *