KyrMedu долбоорунун алкагында Германияга иш-сапар

KyrMedu долбоорунун алкагында 2019-жылдын 21−25-январь күндөрү Германиянын Цвикау университетинде жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кыргызстандын жети жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү: координаторлору жана ректорлору катышышты, НМУнун атынан ректор проф. Д.К.Омуралиева жана долбоордун менеджери Э.М.Байбагышов катышышты.

Жолугушуу учурунда катышуучулар Цвикау университетинин информатика жана биомедициналык техника боюнча лабораториялары менен таанышышты, ошондой эле нур-терапиясы жана радиоонкология, оптикалык ченегич техникалары менен таанышуу болду.

Катышуучулар жолугушуунун алкагында долбоордун учурдагы абалын, жыйынтыктоочу конференцияны уюштурууну, долбоордук отчетту даярдоону талкуулашты.

KyrMedu долбоору — Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы жогорку билим берүүнү өнүктүрүү: медициналык информатика, биомедициналык техника жана саламаттык сактоо менеджменти багытында жаңы жана инновациялык окуу программаларды иштеп чыгууну көздөйт, практикалык окутууга өзгөчө көңүл бөлүнөт.

2019-жылдын февраль жана март айларында университеттин окутуучулары үчүн тренингдерди өткөрүү да пландалууда.

Кененирээк маалыматты: http://www.kyrmedu.org шилтемесинен окусаңыздар болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *