Кызматташтыктын максаты — билим сапатын жогорулатуу

28-ноябрь, 2018 жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Нарын университети менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору» деген аталыштагы кызматташтык форуму өткөрүлдү.

Форумга Нарын шаарынын мекеме-ишканаларынын жетекчилери, адистери, саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Чакырылган коноктор студенттер менен жолугушууга катышып, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Студенттер менен жолугушуудан кийин иш берүүчүлөр «Агрардык-техникалык дисциплиналар» жана «Маалыматтык технологиялар» кафедраларында уюштурулган тегерек столго катышты.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *