НМУда Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Улуу жазуучу, аалам залкары» аттуу адабий кече болуп өттү

2018-жылдын 12-декабрында Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканада «Улуу жазуучу, аалам залкары» аттуу адабий кече болуп өттү. Кечеге Нарын мамлекеттик университетинин педагогика жана филология факультеттеринин окутуучулары жана студенттери катышты. Кеченин жүрүшүндө Чыӊгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча видеотасма көрсөтүлдү. Ошондой эле «Дүйнөлүк доошу бар талант» китеп көргөзмөсүнө баяндама берилди. Бул көргөзмөдө Ч. Айтматов боюнча адабияттар, буклеттер, сүрөттөр, тематикалык папкалар топтолгон. Маалыматтар кыргыз, орус жана англис тилинде болду. Филология илиминин кандидаты А.С.Жантаев Чыӊгыз Айтматовдун «Кассандра тамгасы» чыгармасы тууралуу абдан кызыктуу айтып берди. Ч. Айтматов тууралуу ой толгоосу менен Нарын мамлекеттик университеттин кызматкери К. Кадыралиева бөлүштү. Чыӊгыз Айтматовду даңазалаган кыргыз жазуучуларынын ырларын студенттер жана илимий китепкананын кызматкерлери көркөм окуп беришти. Кече музыкалык номерлер менен коштолду, № 87 лицейдин студенти Жыргалбеков Алмир «Ак кеме», «Кыргызстан» ырларын аткарып берди. Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева «Сильва» билим берүү борбору тарабынан уюштурулган кароо-сынактын «Мыкты китепканалык кабинет» номинациясына катышкандыгын жана бул номинацияда Нарын мамлекеттик университенин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасы кызыктыруучу сыйлык менен сыйланганын белгилеп өттү. Кароо-сынактын жыйынтыгы «Кут билим» газетасынын 7-декабрь, 2018-жылдын № 44 санында жарыяланган. Кеченин соңунда жыл бою илимий китепканада Чыӊгыз Айтматовго арналган иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн Нарын мамлекеттик университетинин окутуучуларына жана студенттерине ыраазычылык каттар тапшырылды. Атап айтсак, А.С.Жантаевге, Т. Аскарбек уулуна, Г.Үсөналиевага, Г. Сатылган кызына, П-17 группасына, А-17 группасынын студенти Зарлык кызы Мединага, К-17 группасынын студенти Таалайбек кызы Насипке, К-17 группасынын студенти Кубанычбек кызы Назирага ыйгарылды. Мындан ары да улуу жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларын даңазалоо илимий китепканада улана бермекчи.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *