Университеттин 5 жылдык отчету талкууланды

2018-жылдын 21-ноябрында Нарын шаарындагы искусство мектебинин конференц-залында Нарын мамлекеттик университетинин ректору Д.К.Омуралиеванын баяндамасында берилген университеттин 5 жылдык ишмердиги коомдук талкууга коюлду. Талкууга НМУнун кызматкерлери, студенттердин ата-энелеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Нарын шаардык кеӊешинин депутаттары катышты. Жыйындын меймандары 5 жыл ичинде университет көптөгөн ийгиликтерге жетишкенин белгилеп, университетке кеӊ келечек каалашты.

Талкуунун жыйынтыгында «Ректордун 5 жылдык ишмердиги канааттандырарлык деп табылсын» деген чечим катышуучулардын басымдуу көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынды.

Отчеттун өзү менен ушул жерден тааныша аласыздар.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 2014−2018-жылдардагы ишмердүүлүгү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *