Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканада залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын цикли өткөрүлүүдө

«Эрте келген турналар» көркөм окулду

 Ж. Саалаев атындагы илимий китепкананын жамаатынын демилгеси менен 2018-жылдын 25-сентябрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жана университеттин алдындагы агрардык-экономикалык колледждин студенттеринин арасында Ч. Айтматовдун «Эрте келген турналар» чыгармасы боюнча көркөм окуу өткөрүлдү.

Адабий кече залкар жазуучу Ч. Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинде согуш учурунун катаал шартында бийик адамдык абийирин сактап калган жаш өспүрүмдөр көркөм чагылдырылганын студенттерге терең түшүндүрүүнү максат кылган.

Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы боюнча илимий китепканада өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө кеӊири баяндама жасады.

Илимий китепкананын директорунун орун басары М. Суранчиева повесть тууралуу кыскача түшүнүк берген видеопрезентацияны тартуулады. Чыгарма боюнча кинотасма тартуу учурундагы жалпыга белгисиз кызыктуу кадрлар жөнүндө айтып берип, кызыктуу баяндама жасалды. Ч. Айтматовдун бул чыгармасында ар кандай учурларда, турмуштун оор сыноолорунда рухий бийик сапат, патриоттук сезим адамга кандай таасир берээри ачык-айкын көрсөтүлгөн.

Адабий кечеге студенттер да активдүү катышып, кызуу талкуу жүргүзүлдү.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *