«

»

Июл 09

Түркиянын Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде

2018-жылдын 6-июлунда боордош Түркия республикасынын Кастамону университетинин расмий делегациясы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде ишсапар менен болуп кайтты. Курамына Түркиянын Кастамону шаарынын вице-мэри Ахмед Севгидиоглу, мэриянын жана Кастамону университетинин жооптуу кызматкерлери кирген делегацияны Кастамону университетинин ректору Сейит Айдин жетектеп келген. Ишсапардын негизги максаты – Нарын мамлекеттик университети менен Кастамону университетинин ортосунда 2017-жылдын 12-декабрында түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында аткарылуучу иш-чараларды талкуулоо, келечек пландарды түзүү. Келишимдин алкагында Нарын университетинин базасында Кыргыз-Түрк факультетин түзүү, биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, илимий жана педагогикалык кызматташтыкты өнүктүрүү сыяктуу зор максаттар коюлган. Түрк боордошторубуз жаӊы түзүлүп жаткан Кыргыз-Түрк факультетинин окуу корпусун, ветеринардык клиниканын  жана жатакананын имаратын курууга жардам кылууга ниеттенип жатышат.

         Бүгүнкү талкуу жогорку маанайда өтүп, кызматташып жаткан эки тарап өз ара максаттарын, ойлорун ортого салышты. Мындай кызматташтык кыргыз эли менен боордош түрк элинин, Нарын университети менен Кастамону университетинин ортосундагы жылуу мамилени бекемдей турганына шек жок.

         Эки университеттин ортосундагы эки тарапка теӊ пайдалуу кызматташтыктын мындан ары да өнүгө беришине тилектешпиз.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>