НМУда «Кыргыз шырдактары: Маданий мурастын элементтерин сактоо жана базардын талаптарына ылайыктоо маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү

2018-жылдын 29-июнунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Кыргыз шырдактары: Маданий мурастын элементтерин сактоо жана базардын талаптарына ылайыктоо маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши менен биргеликте уюштурулду. Конференцияга КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Б.Ибраева, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңешинин Президенти Карыбекова Жаңылбүбү, кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча Борбор Азиялык Ассоциациянын Кыргызстандагы ресурстук борборунун жетекчиси Чочунбаева Динара Илимбековна, маданий мурасты сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Тентиева Чолпон, Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунун директору Алымова Аида, «Кийиз Дүйнөсү» уюмунун жетекчиси Асанкулова Айдай, НМУнун окумуштуулары жана жети облустун кол өнөрчүлөрү келип катышышты. Конференцияда шырдак, кол өнөрчүлүк боюнча илимий макалалар окулду. Соңунда резолюция кабыл алынып, Кол өнөрчүлөр кеңеши менен Нарын мамлекеттик университети ортосунда меморандум түзүлдү.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *