Нарын мамлекеттик университети VIII эл аралык «Кыргыз шырдагы» фестивалына активдүү катышты

2018 жылдын 28−30 июнунда Нарын шаарында VIII эл аралык «Кыргыз шырдагы» фестивалы болуп ѳттү.
28-июнда фестивалдын ачылышы болуп, ага вице-премьер-министр А. Ѳмүрбекова, КР Ѳкмѳтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү А. Кайыпов жана Кыргызстандагы Франциянын посолу Микаэль Ру, С. Нааматов атындагы НМУнун ректору, э.и.д., профессор Д.К. Омуралиева катышты.
Нарын мамлекеттик университеттин Агрардык-экономикалык колледжинин студенттери ачылыш аземинде ар кыл аталыштардагы кѳргѳзмѳлѳргѳ катышышты жана студенттер ѳз чеберчилиги менен тигилген этно стилиндеги кийимдерди кѳрсѳтүштү. Ошондой эле, студент кыздар Бишкектен келген жаш дизайнер Абдылдаева Жаңылдын этно стилиндеги кийимдерин да эл астына кѳрсѳтүп чыгышты.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *