Боордош өлкөлөрдүн эки университетинин ортосундагы достук жана кызматташтык уланмакчы

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Дамира Омуралиева 6−8-февралда Түркияда кызматтык сапар менен барып кайтты. Бул кызматтык сапарда Нарын университети менен Түркиянын Кастамону университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында төмөнкүдөй бир катар маанилүү иш-чараларды аткаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү:

- Нарын университетинде Кыргыз-Түрк факультетин ачуу;

- факультеттин алкагында ветеринария, экономика, компьютердик технологиялар, түрк тили сыяктуу заманбап адистиктерди уюштуруу;

- студенттер жана окутуучулар боюнча алмашуу программаларын ишке ашыруу;

- Нарын университетинде заманбап ветеринардык клиника ачуу ж.б.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташтыкты өнүктүрүү багытында конкреттүү иш-чаралардын планы түзүлдү. Бул максаттардын ишке ашышы регионалдык Нарын университети гана эмес, жалпы эле Нарын жергеси үчүн орчундуу салым кошоору шексиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *