Moodle платформасын колдонуу боюнча тренинге катышуу

Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин базасында Эразмус+ программасынын «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия бгытында жогорку билимди өнүктүрүү» (KyrMedu) долбоорунун алкагында «Электрондук окутууну (E-Learning) уюштурууда LMS Moodle платформасын колдонуу (Орнотуу, администрлөө жана өзгөчөлүктөрү)» деген темадагы семинарга 2018-жылдын 20−21- апрель күндөрү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык факультетинин «Маалыматтар технологиялар» кафедрасынын окутуучулары Кулманбетова Сагынбүбү жана Осмонова Бермет катышып келишти.
Семинарда LMS Moodle платформасын орнотуу, аны колдонуунун ыкмалары жана окуу процессинде пайдалануу жөнүндө презентациялар жасалды. Презентацияларда берилген теориялык билимдер практикалык иштер менен бекемделди.
Ошону менен бирге семинардын катышуучулары окуу курстарын LMS Moodle программасмсына жүктөө, курстун структурасын уюштуруу, студенттер менен байланышты уюштуруунун жолдорун үйрөнүштү.
Окутуучулардын, администраторлордун жана ассистенттердин өздүк интерфейси жөнүндө маалымат берилди. Студенттердин өз алдынча иштери кандай түрдө жүргүзүлөт, ар бир өтүлгөн теманы студенттердин өздөштүрүүсүн текшерүү иштери жана чакан темага ылайык түзүлгөн тексттер аркылуу билим денгээлин тастыктоо ж. б ыкмаларды колдонуу тренерлер тарабынан окутулду. Ошондой эле LMS Moodle платформасында курстарды жөндөө, каттоо жана регистрлөө, категорияларга бөлүү жөнүндө түшүнүктөр берилди.
Семинардын жыйынтыктоочу бөлүгүндө LMS Moodle мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу, электрондук окутуунун өнүгүү этаптары, жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууну ишке ашыруу, компьютер технологиясы жана Интернет-куралдарын колдонуу, албетте, уюштуруу үчүн колдоо көрсөтүү, дидактикалык инструменттерди колдонуу аркылуу студенттердин иш-аракетинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Семинарда алынган маалыматтарды жана көндүмдөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгү НМУнун ИТ-кафедрасынын окутуучуларынын арасында жайылтмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *