Ж.И.Саалаев атындагы илимий китепкана. Таланттуу акын, сатирик, драматург жана котормочу, чебер прозаик Мидин Алыбаевга -100 жыл

2017-жылы 10-ноябрьда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж.И.Саалаев атындагы илимий китепкананын окуу залында «10-ноябрь Илим күнүнө карата жана Таланттуу акын, сатирик, драматург жана котормочу, чебер прозаик Мидин Алыбаевга -100 жыл» аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга НМУнун окумуштуулары, меймандар, студенттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. «Мидин акын, ал өчпөс акын!», «Илим учу-кыйры жок океан», «Ж.И. Саалаевден белекке берилген адабияттар» аттуу китеп көргөзмөлөр уюштурулуп, баяндамалар берилди. М. Алыбаевдин 2 томдук жаңы китебинин бет ачары да болду. М. Алыбаевдин чыгармалары боюнча илимий баяндамалар окулуп, ырларынан көркөм окуу, обондуу ырларынан концерттик программа аткарылды. Илимге салым кошкон окумуштуулар сыйланды. Жыйынтыгында окумуштуулар ой-пикирлерин билдирди.

М.Алыбаевдин 100-жылдык мааракеси кут болсун!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *