С. Нааматов атындагы НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасындагы иш чара

2017-жылдын 12-майында саат 14.00дө С. Нааматов атындагы НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында «Шайлоо балдардын көзү менен» эсселердин, «Шайлоо: бул укугуңбу же ардактуу милдетиңби» видеороликтердин сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи.

Бир ай мурун Нарын шаарынын окуучуларынын жана студенттер арасында жарыяланган сынактардын жыйынтыгы чыгарылды. Максаты: Жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, Кыргызстанды, өзүнүн элине, жерине болгон сүйүүсүн ойготуу, чыгармачыл аналитикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү, жаш шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу жана алардын укуктук маданиятын калыптандыруу. Бул иш чарага мектеп окуучулары, студенттер, окутуучулар, китепкана кызматкерлери, массалык маалымат каржаттарынын өкүлдөрү, университеттин жетекчилиги катышты. Илимий китепкананын директору Гулзат Кыдыралиева: — «Жаштар жана шайлоо» долбоору Кыргызстандагы АКШ элчилиги жана «Кыргызстандагы Фулбрайт Ассоциациясы» тарабынан колдоого алынып, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасы жана «Параллель» коомдук бирикмесинин Ассоциациясы тарабынан ишке ашырылып жаткандыгын белгилеп, «Шайлоо жана жаштар «долбоору боюнча кеңири слайд аркылуу айтып өттү. НМУ боюнча видеослайд, илимий китепкана боюнча да толук маалымат камтылган слайд көрсөтүлдү. Сынакка катышкан видеоролик да көрсөтүлдү. Калыстар тобу да өз ойлорун айтышып I, II, III орунга татыктууларга грамоталарды, баалуу сыйлыктарды тапшырышты.

Сүрѳттѳр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *