Илимий китепкана."Муса жашайт кыргыз барда, тарыхта, кылымдардан-кылымдарга" эскерүү кечеси болуп өттү.

С. Нааматов атындагы НМУнун Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканада 2017-жылдын 12-апрелинде «Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында Муса Баетовдун 115 жылдык мааракесине арналган «Муса жашайт кыргыз барда, тарыхта, кылымдардан-кылымдарга» эскерүү кечеси болуп өттү. Бул кечеге НМУнун студенттери, акын, обончу, аткаруучу Муса Баетовдун кызы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Рая Баетова, КР өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж. Ибраева, университеттин жетекчилиги жана окутуучулары, массалык маалымат каражаттын өкүлдөрү катышышты. Муса Баетовдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу слайд көрсөтүлүп, китеп көргөзмө уюштурулду. Акындын обондуу ырлары «Сагынам», «Эсимде», «Арпанын Ала-Тоосунан» жана башка ырлары студенттер тарабынан аткарылды. Ошондой эле ырларынан көркөм окушту. Бул иш-чаранын максаты кыргыз элинин маданиятынын баалуулуктарына жаштардын кызыгуусун арттыруу, жаштарга руханий жактан тарбия берип, мекенчилдикке тарбиялап, өз өлкөсүнүн керегине жараган, өсүп өнүккөн инсандын калыптанышына түздөн түз көмөк көрсөтүү. Кеченин жүрүшүндө Рая Баетова акындын, атасынын өмүрүнөн айтып берген урунттуу учурлары студенттер үчүн абдан кызыктуу болду. Жаштардын өз өлкөсүнүн тарыхын билген залкар Муса Баетовго окшогон инсандарын таанытуу, даңазалоо илимий китепкананын негизги багыттарынын бири. Бул иш-чаралар жаштардын мекенине болгон сүйүүсүн ойготуп, кыргыз элинде жашап өткөн улуу адамдарга сый көрсөтүүнү үйрөтөт.










Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *