• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25

Конкурс! Конкурс! Конкурс! Видеороликтердин сынагына активдүү катышууга баардык студенттерди чакырабыз

2017-жыл «Адеп, ыйман жана маданият» жылынын алкагында жаштарды мекенчилдикке, аны сыйлоо, урматоо, тарбиялоо, чыгармачыл аналитикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү, өзүнүн мамлекетинин жашоосуна активдүү катышуу максатында уюштурулуп жаткан «Жаштар жана шайлоо: бул укугуңбу же ардактуу милдетиңби?» деген темадагы видеороликтердин сынагына активдүү катышууга баардык студенттерди чакырабыз. Акыркы тапшыруу мөөнөтү 9-май, 2017-жыл. Сиздерди белектер күтөт! Назира Бабаева nazirababaeva@mail.ru, тел.700 482 434, жана НМУнун китепканалары менен байланышсаңыздар болот.

Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасы. «Жаштар жана шайлоо» темасында жаштар арасында тренингдер өтүлдү.

Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасы жана «ПАРАЛЛЕЛЬ» Ассоциациясынын коомдук бирикмеси менен биргеликте «Жаштар жана шайлоо» темасында жаштар арасында тренингдер өтүлдү.

24 апреля 2017 года в НГУ имени С. Нааматова состоялся визит Ричарда Помфрета

24 апреля 2017 года в Нарынском государственном университете имени С. Нааматова состоялся визит Ричарда Помфрета, профессора экономических наук и разработчика экономических курсов для Университета Центральной Азии в городе Нарын. Целью визита стали знакомство и встреча со студентами и преподавателями факультета Экономики, Бизнеса и Управления НГУ имени С. Нааматова. Прежде всего, профессор Помфрет встретился с проректором по науке и инновации Нарынкуль Чоробаевой. В ходе встречи Нарынкуль Чоробаева ознакомила гостей с НГУ. Затем состоялась встреча […]

Командабыз жеңиш менен кайтты.

Март-апрель айларында Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын Универсиадасында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин баскетбол командасы биринчи лигада байгелүү III орунду ээледи. Баскетболисттерибизди жеңиши менен куттуктап, мындан ары да ийгиликтерге жетишин тилек кылабыз. РЕКТОРАТ III даражадагы диплом

Илимий китепкана."Муса жашайт кыргыз барда, тарыхта, кылымдардан-кылымдарга" эскерүү кечеси болуп өттү.

С. Нааматов атындагы НМУнун Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканада 2017-жылдын 12-апрелинде «Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында Муса Баетовдун 115 жылдык мааракесине арналган «Муса жашайт кыргыз барда, тарыхта, кылымдардан-кылымдарга» эскерүү кечеси болуп өттү. Бул кечеге НМУнун студенттери, акын, обончу, аткаруучу Муса Баетовдун кызы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Рая Баетова, КР өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж. Ибраева, […]

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!