Корей тили жана маданияты борбору

akfu

Борбор Корея Республикасынын Санлин колледжи менен Нарын мамлекеттик университетинин ортосунда 2005-жылдын сентябрь айында түзүлгөн келишимдин негизинде түзүлгөн.

Борбордун максаты — Нарын мамлекеттик университетинин студенттерин жана Нарын шаарынын калкын корей улутунун тили жана маданияты менен тааныштыруу, корей тилин мыкты өздөштүргөн студенттерге ар түрдүү колдоо көрсөтүү, Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы билим берүү, илимий изилдөө багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүү.

2007-жылы Кореянын Гымо мамлекеттик техникалык университети менен Нарын университетинин ортосунда кызматташтык жөнүндө келишим түзүлүп, бул келишимдин негизинде НМУнун бир студенти Гымо университетинде билим алып келди.

2010-жылы Санлин колледжинде НМУнун бир студенти билим алып келди, НМУнун студенттери Бишкек шаарында өткөрүлгөн корей тилиндеги дил баяндардын конкурсуна катышты.

НМУнун студенттери Бишкек шаарындагы Корей тилин окутуу борборунда ар жылы өткөрүлүүчү билим деңгээлин аныктоо сынагынан өтүп турушат.2012-жылы НМУнун студенттери Токтомуш уулу Канат, Самарбек кызы Венера 4-деңгээлдеги, Болотбек кызы Элизат, Обосканова Медина жана Исакова Майрамкүл 2-деңгээлдеги сертификаттарга ээ болушкан.

Жогорку курстун студенттеринин демилгеси менен уюшулган корей тилинин баштапкы курсу жылыга күзүндө жана жазында жаңы угуучуларды кабыл алат.

Корей тили адистигинин студенттери Нарын мамлекеттик университетинде өткөрүлүүчү улуттук ыр-бийдин фестивалдарына активдүү катышып, корей ырларын жана бийлерин аткарып беришет.

Корей тили жана адабияты, корей элинин маданияты менен жакындан тааныштыруу, элдердин ортосунда достук мамиле түзүү- Корей борборунун негизги максаты.

Корей тили борборунун натыйжалуу иш-чаралары

사진 061 IMG_1701 DSCF7321 IMG_1456 IMG_1663 IMG_2110