• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25

Корей тили борборунун натыйжалуу иш-чаралары

Корей тилин окуу, угуу, жазуу түрүндө өздөштүрүү, практикалык сааттарда корея элинин маданияты, тарыхы тууралуу маалыматтарга ээ боло алышат. Корей тилинин практикалык курсу:

  • Башталгыч корей тили
  • Улантуучу корей тил
  • Жогорку баскычтагы корей тили

Корей борборунда учурда жети жүздөн ашык китеп фонду бар. Баштапкы корей тили, балдар адабияты, энциклопедия, кыргызча-корейче, корейче-орусча, корейче-англисче ж. б адабияттар менен камсыз болгон.

  • 2009 — жылдан бери «Корей тили жана адабияты» адистигинде окуган студенттердин контракт акысыныны жарым пайызы спонсорлор тарабынан каржыланып келет.

  • Студенттер биргеликте ар жыл сайын Нарын облусунун эн кооз жерлерине барып эс алып келишет.
  • Корей борборунун студенттери маданий иш-чараларга активдүү катышып, Корей олкосүнүн маданиятын чагылдырып беришет.
  • 2008−2016 жылдар аралыгында «Корей тили жана адабияты» адистигинин бүтүрүүчулөрүнүн жалпы саны 15, окуп жаткандардын саны 4.
  • Корей тилинин баштапкы жана улантуу курсунда корей тилин үйрөнүүчүлөрдүн жалпы саны 40

  • 2009-жылы кышкы семестр үчүн студенттерди алмаштырып окутуу долбоорунун негизинде Санлин колледжинде Корей тили кафедрасынын студенти Токтомуш уулу Канат билим алып келди.

  • 2014-жылы кышкы семестр үчүн студенттерди алмаштырып окутуу долбоорунун негизинде Санлин колледжинде Корей тили кафедрасынын студенти Сатинбаев Эмир билим алып келди.

  • 2015 — жылы «Корей тили жана адабияты» адистигинин бутуруучусу Исакова Майрам «Корей тилинин мыкты адиси» аттуу эл аралык семинарга катышууга мүмкүнчүлүк алып, билим алып келди.

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!