Агрардык- техникалык факультети «Окмуштуулар- окуучуларга» аталыштагы ачык эшиктер күнү

2017- жылдын 17- февралында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык- техникалык факультети «Окмуштуулар- окуучуларга» аталыштагы ачык эшиктер күнү уюштурулду.
Бул иш чаранын негизги максаты мектеп окуучуларына Агрардык- техникалык факультетинин окутуучу- профессордук курамы бүгүнкү күндүн талабына ылайык сабактарды ѳтүп берүү менен профориентациялык иштерди жүргүзүү.
«Окмуштуулар- окуучуларга» ачык эшиктер күнүнѳ Нарын шаарынын мектептеринин окуучулары, Нарын районунун А. Тыныбеков, Т. Байсалов, Т. Байбураев, Алыш орто мектептеринин окуучулары жана Ат- Башы районуна караштуу Жаналы уулу Абдырахман орто мектебинен 60тан ашык окуучулар келишти.
Окуучуларга жана коштоп келген мугалимдерине Аградык- техникалык факультетинин деканы педагогикалык илимдин кандидаты, доцент Чекирова Гульмира Кожобековна факультет жана адистиктер жѳнүндѳ, ѳткѳрүлүп жаткан иш чаранын максаты жѳнүндѳ кенен презентация ѳткѳрдү.
Аталган иш чаранын ѳзгѳчѳлүгү болуп мектеп окуучуларына жѳн гана экскурсия уюштурулбастан, илимий даражасы бар профессордук курам кызыктуу сабактарды ѳтүп беришти. Иш чаранын алкагында 4 секциялык иштер алынып барылды. Атап айтсак, Электроэнергетика, Транспорт, Экология жана Информатика секциялары. Ар бир аталган секциялык иштерде окуучуларга тажрыйба жүргүзүү менен лабораториялык сабактар, кызыктуу кѳйгѳйлүү лекциялар, окуучуларга PTV, Flash программалары менен сабактар уюштурулду.
Агрардык- техникалык факультетинин адистиктерине тапшыруу үчүн мектеп окуучулары физика, математика сабактарынан кошумча тесттерди тапшырышаарын эске алуу менен аталган сабактардан электрондук тестер ѳткѳрүлүп, жыйынтыгы менен 1,2,3 орундарды ээлеген окуучуларга грамота, ал эми ушул сабактарды окуткан мугалимине ыраазычылык кат тапшырылды.
Иш чаранын аягында мектептерден ѳкүл болуп келген мугалимдер менен тегерек стол уюштурулуп, сунуш- пикирлер, суроо- жооптор менен толукталып, жыйынтык чыгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *