«ОКУУ-ӨНДҮРҮШТҮК ЦЕХ» ачылды

2023-жылдын 16-июнунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин
Агрардык техникалык факултетинин аймагында жаңы эт азыктарын кайра иштетүүчү жана
жарым фабрикаттарын даярдоочу окуу-өндүрүштүк цехи ачылды.
Цехтин ачылышына КР Билим берүү министри Каныбек Иманалиев, БАУнин өкүлү Богдан
Кравченко Александрович, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Алтынбек Эргешов, НМУнун ректору Эрмек Байбагышов жана башкалар катышты. Цехте
студенттер этти кайра иштетүүнүн бардык процесстерин өз алдынча аткарып, үйрөнө алышат:
Ошондой эле цехтин ичиндеги баардык керектүү жабдуулар Агро Дев долбоорунун жана
АгаХан фондусунун жардамы менен жабдылган. Окуу өндүрүштүк цехи студенттерге эт
азыктарынын жаңы рецепттерин иштеп чыгууга, анализдөөгө жарым фабрикаттарын
жасоонун технологиялык татаалдыктарын үйрөнүүгө, ошондой эле ар түрдүү сорттогу
эттерди өндүрүү боюнча жаңы идеянын бизнес моделин иштеп чыгууга мүмкүндүк алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *