«КЫТАЙ ТИЛИ ЖАНА МАДАНИЯТЫ» борбору ачылды

2023-жылдын 15-июнунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде
«Кытай тили жана маданияты» борбору ачылды.
Борбордун ачылышына Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь
айым, КР Билим берүү министри Каныбек Иманалиев, КР Президентинин Нарын облусундагы
ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, НМУнун ректору Эрмек Байбагышов жана
башкалар катышты.
Белгилей кетсек, «Кытай тили жана маданияты» борборуна Кытай Эл Республикасынын
Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан 2 миллион 360 миң сомдук колдоо
көрсөтүлүп, лингофондук кабинет, компьютерлер, интерактивдүү доска жана башка керектүү
каражаттар менен камсыз болгон.

НМУнун пресс кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *