«Студенттердин инновациялык технологиялык идеяларын өнүктүрүү (университет 4.0 моделинин алкагында)» аттуу III студенттик илимий-практикалык конференция.

2023-жылдын 4-апрелинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинин чет тилдери кафедрасы тарабынан, жаш окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты Салмакеева Назгүлдүн жаркын элесине арналган «Студенттердин инновациялык технологиялык идеяларын өнүктүрүү (университет 4.0 моделинин алкагында)» аттуу III студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Аталган конференцияга Борбордук Азия университетинин социалдык жана гуманитардык илимдер кафедрасынын жетекчиси Станислав Загороднев жана компьютердик илимдер кафедрасынын доценти Дмитрий Зубов студенттери менен, ошондой эле К. Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин жана НМУнун мугалимдери, студенттери катышышты. Пленардык отурумдан кийин конференциянын иши 2 секцияда улантылды. Иш-чаранын жыйынтыгы менен конференцияда баяндама жасаган студенттерге Н. Салмакееванын ата-энеси тарабынан жыл сайын берилүүчү акчалай сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылып, аягында резолюция кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *