Конкурс «Ретро-хит»

С. Наматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 20 жылдык мааракесине карата Педагогика факультети тарабынан уюштурулган «Ретро-хит» аттуу конкурсу Нарын облустук жаштар сарайында ѳткѳрүлдү. Конкурска Агрардык техникалык, Филология, Педагогика факультеттери, Агрардык- экономикалык колледжинин профессордук окутуучулук жамааты катышты. Программада 1) Ретро- ыр, 2) Ретро- бий, 3) ырдын атын издеп тап деген тапшырмалар болду. Калыстардын чечими менен 1чи орунду филология факультети ээледи, 2чи орун педагогика факультети, 3чү орун агрардык- экономикалык колледжине жана 4чү орун агрардык техникалык факультетине ыйгарылды.

Конкурска «Ала- Тоо», «Кыргызстан» саясий партиялары колдоо кѳрсѳттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *