• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25

НМУ карантинге байланыштуу сабактарды он-лайн режиминде өткөрүүдө

Нарын мамлекеттик университети республикабызда болуп жаткан жагдайга байланыштуу убактылуу студенттерди таратып, аралыктан окутуу тартибине өткөн. Бардык сабактар он-лайн режиминде өткөрүлүп, окуу программасы үзгүлтүккө учураган жок. Он-лайн сабактар Zoom, Moodle, AVN программалары, электрондук почта, Whatsapp социалдык тармактары аркылуу жүргүзүлүүдө. Профессордук-окутуучулук жамаат видеосабактарды уюштуруп, ар бир студент менен кайтарым байланышты улантууда. Сүрөттөр

НМУ коронавируска каршы фондго салым көрсөттү

Республикабызда болуп жаткан коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө Нарын мамлекеттик университети да четте калган жок. 2020-жылдын 10-апрелинде Нарын мамлекеттик университети коронавируска каршы фондуна 100миң сом акчалай каражатын которду. Бул акча каражаты аз да болсо илдетке каршы күрөштө алгылыктуу жардам болот деген ишеничтебиз.

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!