Архив Январь 2020

НМУнун ректору Таштанбек Моңолдорович Адилет Сүйүндүковичтин илимдин докторунун дипломун салтанаттуу түрдө тапшырды.

Бүгүн, 28-январда, С. Нааматов атындагы НМУнун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму жагымдуу жаңылык менен башталды. Адилбек Сүйүндүкович Жантаевге Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы ыйгарылган. НМУнун ректору Таштанбек Моңолдорович Адилет Сүйүндүковичтин илимдин докторунун дипломун салтанаттуу түрдө тапшырды.

Т.М.Сияев кытай улутундагы жаңы ыктыярчы Фын Кайды кабыл алды.

Нарын мамлекеттик университетинин Филология факультетинин «Кытай тили жана адабияты» адистигине жаңы адистер толукталып келүүдө. НМУнун ректору Т.М.Сияев кытай улутундагы жаңы ыктыярчы Фын Кайды кабыл алып, эмгек келишимин түздү.

Турдакун Усубалиев атындагы фонду.

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети Нарын облустук Турдакун Усубалиев атындагы фондуна акчалай көмөк көргөздү. Мындай колдоо дагы уланаары белгиленди.

НМУда компьютер сабаттуулугу боюнча курстар өтүүдө.

С. Нааматов атындагы НМУда компьютер сабаттуулугу боюнча курстар уланып, Ү.Асанов атындагы Нарын облустук лицей жатак — мектебинин мугалимдерине да өтүлүп баштады.

(ШПНО) УЦА в Нарыне (Кыргызстан)

Руководитель Школы профессионального и непрерывного образования (ШПНО) УЦА в Нарыне (Кыргызстан) Нурбек Нишарапов принимает участие в 7-й Международной конференции по вопросам образования и социальных наук (INTCESS), проходящей на этой неделе в Дубае. Сегодня Нурбек провел презентацию, посвященную предпринимателям, живущим в горных районах, и бизнес-деятельности в рамках Евразийского экономического сообщества. Он рассказал о краткосрочных курсах ШПНО для молодежи и взрослых и программах предпринимательства, а также поделился информацией о разработке учебных программ, в рамках …

Читать далее

Компьютердик технологиялары боюнча курстары өтүлө баштады.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун жарлыгы менен 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялангандыгына ылайык, С. Нааматов атындагы НМУда 15-январдан баштап Нарын шаарындагы #15 бала бакчанын кызматкерине, тарбиячыларына компьютердик технологиялары боюнча курстары өтүлө баштады.

Кулактандыруу

Кыргыз Педагогика илимин өнүгүшүнө зор салым кошкон республиканын эл мугалими Исак Бекбоев 90 жашка.

Кыргыз Педагогика илимин өнүгүшүнө зор салым кошкон республиканын эл мугалими Исак Бекбоев 90 жашка толду. Ал кыргыз мектептери учун 1 класстан тартып 11- класстарынын «Математика» аттуу усулдук окуу китебин жазган. Мунун өзү илимпоз-педагог катары математика илимине өзгөчө салым кошкон инсан катары корсотуп турат. Аны мектеп окуучуларынан тартып, педагог мугалимдер илимдин дыйканы катары жазбай таанышат.

SECOM борборуна Нарын облусунун райондорунан окууга келген мектеп бүтүрүүчүлөрү

Бүгүн, 10-январда, SECOM борборуна Нарын облусунун райондорунан окууга келген мектеп бүтүрүүчүлөрү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен таанышып кетишти. НМУнун ректору Таштанбек Моңолдорович менен окуучулар кесип тандоо боюнча кыскача баарлашып, университет жөнүндө маалымат алышты. Өнөктөшүбүз Ыйык Ата журт коомдук жаштар фондуна ыраазычылык билгизебиз.