📣📣📣 Достор, дагы бир жакшы жаңылыгыбыз менен бөлүшөбүз. ✅ Кытай Эл Республикасы 2020−21-окуу жылына Кыргызстандын жарандарына 13 орунга стипендия берди. Бул — бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасы. 🔴 Тандоо көз карандысыз комиссия тарабынан 2020-жылдын 9-январында эки тур менен Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратында өтөт. Ар бир багыт боюнча кимдер катыша алат жана талаптар боюнча кеңири маалыматты биздин сайтыбыздан ала аласыздар. Шилтеме ⏬⏬⏬ […]
Индия Кыргызстандык студенттер учун алты бюджеттик орун болунду.
📣📣📣 Индиянын маданият мамилелер кеңеши 2020−2021-окуу жылына карата магистратура, аспирантура жана докторантура программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына алты стипендиялык орун бөлдү. Билим берүү жана илим министрлиги аталган бюджеттик орундарга сынак башталганын кабарлайт. Индиянын жогорку окуу жайларынын тизмеси, тандоо критерийлери жана билдирмени толтуруу боюнча түшүндүрмөнү Индиянын маданият мамилелер кеңешинин сайтынан караса болот. a2ascholarships.iccr.gov.in/ Талапкерлер керектүү сертификат менен документтерди онлайн […]
Бишкекте Кесиптик жогорку билим берүү системасындагы көйгөйлөр, аны чечүү жолдору жана перспективаларды талкуулаган жыйын башталды.
Бишкекте Кесиптик жогорку билим берүү системасындагы көйгөйлөр, аны чечүү жолдору жана перспективаларды талкуулаган жыйын башталды. Иш чарага Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери катышууда. Каныбек Исаков бул тармактагы олуттуу көйгөйлөр: университеттердеги административдик жетекчиликтин ишмердүүлүгүнүн чабалдыгы, менеджменттин дүйнөлүк тренддерге сергек эместиги, жогорку окуу жайлардын профилдештирүү маселесине токтолуп, жогорку билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелерди сунуштады.
«Эрудит волонтер» аттуу интеллектуалдык оюну өттү.
Бүгүн Эл аралык ыктыярчылар күнүнө карата Нарын мамлекеттик университеттин жаш лидерлеринин жана «Демилгелүү жаштар» долбоорунун жумушчу тобунун демилгеси менен «Эрудит волонтер» аттуу интеллектуалдык оюну өттү. Демөөрчү Нарын шаарынын мэриясына чоң ыраазычылык билгизебиз. #demjashtar #ideaca #usaid #msdspkg #demjashtar_naryn #демилгелүүжаштар
Нарын мамлекеттик университеттин студенттери жана Нарын шаарынын жаштары.
Нарын мамлекеттик университеттин студенттери жана Нарын шаарынын жаштарынын демилгеси менен ГИС мобилдик тиркемесин жандандыруу аракеттери.