Энергетиктер күнү жана энергетика өндүрүшүнүн 85 жылдык мааракесине карата майрамдык иш-чара өткөрдү.

23-декабрда, НМУнун агрардык-техникалык дисциплиналар кафедрасы 22-декабрь Энергетиктер күнү жана энергетика өндүрүшүнүн 85 жылдык мааракесине карата майрамдык иш-чара өткөрдү. Электроэнергетика тармагында билим алып, профессионалдуу ишмердүүлүгү менен кызмат өтөп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүздү, иш берүүчүлөрүбүздү, талыкпай билим берип келе жаткан окутуучуларыбызды кесиптик майрамы менен куттуктап, Читать далее …

«Экономика жана дене күч маданияты» факультети

Бүгүн, 20-декабрда, НМУнун ректору Таштанбек Моңолдорович жана тарбия иштери жана мамлекттик тил боюнча проректору Эсенбай Абдраевич «Экономика жана дене күч маданияты» факультетинин студенттери менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда ректор студенттер менен кенен баарлашып, алдыда келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап кетти.

Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Бүгүн, 19-декабрда, Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында күн тартибиндеги маселелер каралып, кээ бир структуралык бөлүмдөрүнүн отчету да талкууланды. Бүгүнкү отурумдун өзгөчөлүгү болуп окутуучу Кулманбетова Сагынбүбү Мусековнанын физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы берилгендигинин тастыктаган диплому тапшырылганын ректор Читать далее …

Таштанбек Моңолдорович К. Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледждин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, мотивациялык тренинг өткөздү.

Бугун, 18-декабрда, НМУнун ректору Таштанбек Моңолдорович К. Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледждин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, мотивациялык тренинг өткөздү. Профессор студенттерге алдыга максат коюп, убакытты туура пайдалануу керектигин баса белгилеп, жаштар менен кенен баарлашты.

НМУнун өнөктөштөрүнүн бири — Финка банк

17-декабрда С. Нааматов атындагы НМУнун өнөктөштөрүнүн бири — Финка банк университеттин жатаканасына автомат кир жуучу машинасын жана нан бышыруучу мешин белекке тартуулады. Бул тартууло жатакананын студенттерине жаңы жылдын астында эң сонун белектердин бири болду. Өнөктөшүбүзгө ыраазычылык билгизебиз жана иштерине ийгиликтерди каалайбыз!