Корей тилин окуу, угуу, жазуу түрүндө өздөштүрүү, практикалык сааттарда корея элинин маданияты, тарыхы тууралуу маалыматтарга ээ боло алышат. Корей тилинин практикалык курсу:
- Башталгыч корей тили
- Улантуучу корей тил
- Жогорку баскычтагы корей тили
Корей борборунда учурда жети жүздөн ашык китеп фонду бар. Баштапкы корей тили, балдар адабияты, энциклопедия, кыргызча-корейче, корейче-орусча, корейче-англисче ж. б адабияттар менен камсыз болгон.
- 2009 — жылдан бери «Корей тили жана адабияты» адистигинде окуган студенттердин контракт акысыныны жарым пайызы спонсорлор тарабынан каржыланып келет.
- Студенттер биргеликте ар жыл сайын Нарын облусунун эн кооз жерлерине барып эс алып келишет.
- Корей борборунун студенттери маданий иш-чараларга активдүү катышып, Корей олкосүнүн маданиятын чагылдырып беришет.
- 2008−2016 жылдар аралыгында «Корей тили жана адабияты» адистигинин бүтүрүүчулөрүнүн жалпы саны 15, окуп жаткандардын саны 4.
- Корей тилинин баштапкы жана улантуу курсунда корей тилин үйрөнүүчүлөрдүн жалпы саны 40
- 2009-жылы кышкы семестр үчүн студенттерди алмаштырып окутуу долбоорунун негизинде Санлин колледжинде Корей тили кафедрасынын студенти Токтомуш уулу Канат билим алып келди.
- 2014-жылы кышкы семестр үчүн студенттерди алмаштырып окутуу долбоорунун негизинде Санлин колледжинде Корей тили кафедрасынын студенти Сатинбаев Эмир билим алып келди.
- 2015 — жылы «Корей тили жана адабияты» адистигинин бутуруучусу Исакова Майрам «Корей тилинин мыкты адиси» аттуу эл аралык семинарга катышууга мүмкүнчүлүк алып, билим алып келди.