Жусуп Мамайдын 8 томдугунун презентациясы

2012- жылы «Манас» эпосун сактоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча «„Манас“ 2012- 2017- жылдар аралыгында» Улуттук Программасы кабыл алынган. 2013- жылдын 30- апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин «Манасчы Жүсүп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө» № 95- Жарлыгы чыккан. Аталган Программанын негизинде КР УИАнын алдында «Манас» эпосунун Жүсүп Мамай вариантынын сегизилтиги жарык көрдү. Бул Кыргызстандагы Жүсүп Мамай вариантынын алгачкы жолу толук чыгышы. Кыргызстандык окурман буга чейин «Манас» эпосун үчилтик катары таанып келген болсо, эми «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейит», «Асылбача- Бекбача», «Сомбилек», «Чигитей» бөлүмдөрүн окууга мүмкүнчүлүк алышты.

DSC_0001 DSC_0056 DSC_0075 DSC_0013 DSC_0032 DSC_0105 DSC_0131 DSC_0094 DSC_0055