Вайенштефан Триздорф, ДААД жана Лого программалары.

18-сентярь күнү саат 12:30да С. Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин 3 корпусунда Вайенштефан Триздорф, ДААД жана Лого программалары боюнча презентация өтүлдү.

Презентацияга Агрардык техникалык факультетинин экология, ветеринария адистигинин, Экономика жана башкаруу факультеттеринин студенттери болуп 50 гө жакын студенттер катышышты.

Вайенштефан Триздорф жана ДААД программалары боюнча Айсалкын Ажыбаева ЛОГО программасын Кубан Акматов презентация кылып студенттердин суроолоруна жооп беришти. Андан сырткары Эл аралык байланыштар бөлүмү уюштуруп жаткан немис тили курсуна кызыккан студенттерди жазылуу болду.

Презентация убагында студенттер тарабынан жаралган суроолорго толук жооп бергенге аракеттер көрүлдү.

Жакында Бишкек шаарында өтө турган ЛОГО программасынын 1-туруна НМУдан 4 студент катышышмакчы жана даярдыктар көрүлүп жатат.

лого программасы.jpg3 лого программасы