«Ачык билим берүү ресурстарынан» жана «Soros.kg»

16−18- мартта 2015 жылы семинар өттү. Атайын Бишкектен «Ачык билим берүү ресурстарынан» жана «Soros.kg» тарабынан өкүлдөр келишти. Бул семинарга өзүбүздөн дагы декандар, кафедра башчылары ППС, китепканачылар жана студенттер катышты. Семинарда Ачык билим берүү ресурстары жана алдыдагы максаттар боюнча Лира Самыкбаева айтып берди.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин илимий китепканасынын директору Мамутова.Н. электрондук китепканалардагы Кирлибнет долбоору жөнүндө презентация кылды.

Кийинки сөздү Ж. Баласагын атындагы университеттин илимий китепканасынын директору Жайилканова.М. бул темада «Автордук иштердин лицензиясы тууралуу» презентация жасады.

Чындыгында семинар жемиштүү өттү. Эртеси күнү китепкананын «Кирлибнет» долбоору менен жана иштери боюнча таанышты. Ошондой эле бул долбоордун оң жана терс жагын карап биз менен тажрыйба алмашты.

сорос презентац.