Дегембаева Надира Калчакеевна

ДегенбаеваТуулган жылы: 2-август, 1976-жыл.

Туулган жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын шаары.

Иштеген жери, кызматы: С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу

Илимий даражасы, наамы: техника илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу.

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясын 1998-жылы бүтүргөн. 2002-жылы Москва мамлекеттик жаратылышты куруу университетинин (Московский государственный университет природообустройства) «Гидротехникалык курулуш» кафедрасында стажер-мугалим болуп илимий стажировкадан өтүп, 2003- жылдан 2007-жылдары ушул университеттин аспирантурасын аяктап, техника илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.

Н.К. Дегембаева илим-изилдөө ишмердигинде Нарын дарыясындагы суунун нугунун өзгөрүү процесстерин, Нарын аймагындагы ирригациялык суу каналдарынын абалы, калыбына келүүчү энергиянын булактарын колдондуу, аларды жайылтуу жана башка темада изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.

Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 16 дан ашык илимий иштери жарык көргөн. Анын ичинде кийинки эмгектери төмөнкүлөр: «Нарын дарыясынын нугунда жүрүүчү процесске өсүмдүктөрдүн тийгизген таасири», «Нарын аймагындагы ирригациялык суу каналдарынын азыркы абалы», «Нарын аймагындагы үйлөрдүн энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иш-чараларды иштеп чыгуу» ж. б.

Азыркы кезде Нарын мамлекеттик университететинде Агрардык-техникалык дисциплиналар кафедрасында доценттин милдетин аткаруучу болуп эмгектенип, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн да улантууда. Ошону менен катар «Суу электр орнотмолору» аттуу толук окуу методикалык комплексин, «Калыбына келүүчү энергиянын булактары» дисциплинасынан студенттерге өздүк иштерди аткаруу боюнча усулдук колдонмолорун иштеп чыккан.

Ошондой эле ТЕМПУС долбоорунун алкагында «Борбордук Азияда жана Россияда калыбына келүүчү энергияны жана имараттарда энергияны натыйжалуу пайдалануу боюнча магистрдик программасы» (MAPREE) долбоорунун Нарын мамлекеттик университетинин академиялык суроолор боюнча координатору, «ЭCO CAR» эл аралык проектиси, ошондой эле Нарын облусунун «Технологияны жана инновацияны колдоо» центринин (Центра поддержки технологий и инноваций) координатору болуп иш алып барууда.

Нарын шаарынын МЭРинин Ардак грамотасы, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы менен сыйланган жана 2013-жылы «Мыкты окутуучу», 2014-жылы «Акыл Тирек» номинациясынын наамына ээ болгон.

Список статьей и.о. доцента кафедры Аграрно-технических дисциплин Дегембаевой Н.К.

  1. Дегембаева Н.К., Шерматов С.М. Анализ засоленности орошаемых земель Нарынского региона. Сборник научных трудов международной конференции ДААД «Современное состояние научных исследований в Кыргызстане». -Б. 2000, с. 236−239.
  2. Дегембаева Н.К., Курманалиева Б. Анализ засоленности орошаемых земель Нарынского региона. Материалы 2-научно-практической конференции «Проблемы образования и науки» посвященной 10-летию Кыргызской Республики и 5-летию образования Нарынского государственного университета. Часть 2. Секции: «Математика, механика, естествознание», «Педагогика», «Филология». -Н. 2001, с. 19−22.
  3. Дегембаева Н.К., Курманалиева Б. Овощеводства и растениеводства. Учебник для средних специальных учреждений. HELVETAS, Т. 1,-Б. 2002, -46с.
  4. Дегембаева Н.К., Курманалиева Б. Овощеводства и растениеводства. Учебник для средних специальных учреждений. HELVETAS, Т. 2, -Б. 2003, -94с.
  5. Экспериментальные исследования влияния растительности на гидравлические сопротивления потока. //Журнал актуальной научной информации «Аспирант и соискатель», № 4(29), 2005 г, с.162−167.
  6. Влияние травянистых растений на гидравлические характеристики потока. //Материалы международной научно-практической конференции «Роль природообустройства в обеспечении устойчивого функционирования и развития экосистем». МГУП, 2006, с. 492 — 494. (в соавторстве).
  7. Изучение влияния травянистой растительности на коэффициент гидравлического трения в заросших руслах. //Журнал «Естественные и технические науки», № 1(29), 2006 г, с.332−335.
  8. Влияние травянистых растений на распределение скоростей по вертикали. //Журнал актуальной научной информации «Естественные и технические науки», № 1(29), 2006 г, с.329−331.
  9. Влияние травянистых растений на гидравлические сопротивления потока. //Мелиорация и Водное хозяйство, № 5, 2006 г, с. 60−61.
  10. Влияние травянистой растительности на изменение гидравлических характеристик потока при природоприближенном восстановлении рек. Диссертация на соискание ученой степени кандидата технических наук. -М. 2006.
  11. Влияние растительности на гидравлические сопротивления потока. //Сборник научных трудов Кыргызского национального университета, Секция «Математика и механика» -Б.: КНУ. 2011 г.
  12. Влияние растительности на местные размывы реки Нарын. Издательство НГУ, № 4, 2014., с.116−118.
  13. Дегембаева Н.К., Турдалиев И. Разработка мероприятий по повышению энергоэффективности жилых зданий в Нарынском регионе. Издательство НГУ, № 4, -Б. 2014., с.113−115.
  14. Современное состояние ирригационных каналов Нарынского района. Издательство НГУ, № 4, -Б. 2014., с.32−33.
  15. Повышение устойчивости прибрежных зон горных рек. (в издательстве МГУС)
  16. Восстановление водных объектов и прибрежных зон горных рек. (в издательстве КГНУ им. Ж. Баласагына)
  17. Дегембаева Н.К. Гидроэнергетические установки [Текст]: Дегембаева Н.К. // Методическое указание. — Бишкек, 2014. — 16-б.
  18. Дегембаева Н.К. Нетрадиционные возобновляемые источники энергии [Текст]: Дегембаева Н.К. //Методическое указание. — Бишкек, 2014. - 16-б.

илимий макалаларынын тизмеси

  1. Дегембаева Н.К., Шерматов С.М. Нарын аймагынын айдоо жерлеринин туздуулугунун анализи. (Авторлош) // ДААД эл-аралык «Кыргызстандагы илимий изилдөөлөрдүн азыркы абалы» деген конференциясынын илимий эмгектеринин жыйнагы. -Бишкек, 2000, — 236−239 -бб.
  2. Дегембаева Н.К., Курманалиева Б. Нарын аймагынын айдоо жерлеринин туздуулугунун анализи. (Авторлош) // Кыргыз Республикасынын 10-жылдыгына жана Нарын мамлекеттик университетинин 5 -жылдыгына карата «Билим берүүдөгү жана илимдин көйгөйлөрү» деген 2-чи илимий-практикалыкконференциясынын материалдары. 2-бөлүк. «Математика, механика, табигий илим», «Педагогика», «Филология» секциясы. -Нарын, 2001, — 19−22-бб.
  3. Дегембаева Н.К., Курманалиева Б. Багбанчылык жана жашылча өстүрүү. (Авторлош). Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык Коргоо Министрлиги менен «Хельветас» HELVETAS Швейцардык Эл аралык кызматташуу Ассоциациясынын айылдык кесипчилик билим берүү проектисинин алкагында иштелип чыгарылан. [Текст]: Дегембаева Н.К., Курманалиева Б. 1-чи бөлүк. Бишкек, 2002, -46б.
  4. Дегембаева Н.К., Курманалиева Б. Багбанчылык жана жашылча өстүрүү. (Авторлош). Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык Коргоо Министрлиги менен «Хельветас» HELVETAS Швейцардык Эл аралык кызматташуу Ассоциациясынын айылдык кесипчилик билим берүү проектисинин алкагында иштелип чыгарылан. [Текст]: Дегембаева Н.К., Курманалиева Б. 2-чи бөлүк. Бишкек, 2003, -97б.
  5. Дегембаева Н.К. Агымдын гидравликалык каршылыгына өсүмдүктөрдүн тийгизген таасирин экспериментальдык изилдөө. //"Аспирант жана изденүүчү" актуалдуу илимий маалымат журналы, № 4(29), -Москва, 2005, -162−167 -бб.
  6. Дегембаева Н.К. Агымдын гидравликалык мүнөздөмөлөрүнө чөп өсүмдүктөрүнүн таасири. (Авторлош) // «Экосистеманын өнүгүүсүндө жана анын туруктуудугун камсыз кылууда жаратылышты куруунун ролу» атту эл-аралык илимий-практикалык конференциясынын материалдары. МГУП, -Москва, 2006, — 492 — 494-бб.
  7. Дегембаева Н.К. Өсүмдүктөр өскөн нуктагы гидравликалык жоготуу коэффициентине чөп өсүмдүктөрүнүн тийгизген таасирин изилдөө. // «Табигий жана техникалык илимдер» актуалдуу илимий маалыматтар журналы, № 1(29), -Москва, 2006, — 332−335-бб.
  8. Дегембаева Н.К. Вертикалдагы ылдамдыктын таралышына чөп өсүмдүкиөрүнүн тийгизген таасири. // «Табигий жана техникалык илимдер» актуалдуу илимий маалыматтар журналы, № 1(29), -Москва, 2006, — 329−331-бб.
  9. Дегембаева Н.К. Агымдын гидравликалык каршылыгына чөп өсүмдүктөрүнүн тийгизген таасири. //Мелиорация жана Суу чарбасы, № 5, -Москва, 2006, — 60−61-бб.
  10. Дарыяларды табигий калыбына келтирүүдө чөп өсүмдүктөрүнүн гидравликалык мүнөздөмөлөрүнө тийгизген таасири. Техника илимдеринин кандидаттык илимий даражасын издөөчү диссертациясы. -М. 2006, -116б.
  11. Дегембаева Н.К. Суунун агымынын гидравликалык каршылыгына өсүмдүктөрдүн таасири. //Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий эмгектер жыйнагы, «Математика жана механика» секциясы. -Бишкек.: КНУ. 201
  12. Дегембаева Н.К. Нарын дарыясынын нугунда жүрүүчү процесске өсүмдүктөрдүн тийгизген таасири. Нарын мамлекеттик университетинин басмасы (Издательство НГУ), № 4, -Бишкек, 2014, -116−118-бб.
  13. Дегембаева Н.К., Турдалиев И. Нарын аймагындагы үйлөрдүн энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иш-чараларды иштеп чыгуу. Нарын мамлекеттик университетинин басмасы (Издательство НГУ), № 4, -Бишкек. 2014, -113−115-бб.
  14. Дегембаева Н.К. Нарын аймагындагы ирригациялык суу каналдарынын азыркы абалы. Нарын мамлекеттик университетинин басмасы (Издательство НГУ), № 4, -Бишкек. 2014, -32−33-бб.
  15. Дегембаева Н.К. Суу объектилерин жана тоодогу дарыялардын жээк аймактарын калыбына келтирүү. (в издательстве КГНУ им. Ж. Баласагына)
  16. Дегембаева Н.К. Суу энергетикалык орнотмолор [Текст]: Дегембаева Н.К. // усулдук колдонмо. — Бишкек, 2014. — 15-б.
  17. Дегембаева Н.К. Калыбына келтирилүүчү энергиянын булактары [Текст]: Дегембаева Н.К. //усулдук колдонмо. — Бишкек, 2014. - 16-б.