Темпус долбоорунун алкагында Борбордук Азия менен Россиядагы калыбына келүүчү энергия жана курулуштагы энергиянын натыйжалуулугу боюнча магистердик программасы (MAPREE)

2013 жылдын 25-декабрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинин «Агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасынын отурумунда Темпус долбоорунун алкагында Борбордук Азия менен Россиядагы калыбына келүүчү энергия жана курулуштагы энергиянын натыйжалуулугу боюнча магистердик программасынын (MAPREE) презентациясы болду. Анда долбоордун максаттары жана милдеттери, кафедрада жазалып жаткан долбоордун иш-чаралары боюнча университеттин ректоратына, окуу башкармалыгынын, деканаттын өкүлдөрүнө жана башка кафедралардын окутуучуларына маалымдалды. Долбоордун максаттары болуп Борбордук Азиянын өнөктөш өлкөлөрүндө жана Россияда айлана-чөйрөгө болгон таасирди жана энергияны колдонууну азайтуу максатында калыбына келүүчү энергиянын жана курулуштагы энергиянын натыйжалуулугу тармагында мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү үчүн билим берүүнү демилгелөө жана күчтөндүрүү болуп эсептелет. Милдеттеринен болуп калыбына келүүчү энергиянын түрлөрүн колдонуу, курулуштагы энергияны эффективдүү пайдалануу менен бирге электр энергияга болгон талапты азайтуу жана жаратылышка келтирилген зыянды да азайтуу болуп эсептелет. Долбоордун негизинде магистердик программа боюнча бакалавр даражасы бар студенттер эки жылдык мөөнөттө жана курулушчулар, архитекторлор үчүн кыска окуу курстары уюштурулат. Бул долбоордо жогорудагы аталган өлкөлөрдүн 19 университтери шериктеш катары иш алып баруу менен алардын ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрүү, Магистердик программа менен окуган студенттерге мобилдүүлүктүн негизинде өнөктөш университеттерден билим алуусуна, ал эми окутуучуларга тажрыйба алмашуусуна чоӊ өбөлгө түзөт. Ошондой эле университеттер менен катар курулуш жана башка компаниялар илимий-техникалык иш алып барууга да көмөк көрсөтөт. Кыргызстандын университеттеринин ичинен бул долбоорго Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жана Ош технологиялык университеттери киришкен. Кошумча маалымат үчүн НМУнун агрардык-техникалык дисциплиналар кафедрасына кайрылууга болот.

Долбоор боюнча ѳткѳн иш чаралар

atdfoto13 atdfoto11 atdfoto12