Мен Тазабек уулу Айбек 1987-жылы 2-февралда Нарын шаарында кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 1989-жылдан 1994-жылга чейин «Алтын балалык» балабакчасында тарбияланып, 1994-жылы академик Ү. Асанов атындагы Нарын облустук мектеп лицей-интернатында билим алып, аталган окуу жайды 2005-жылы жакшы жетишкендик менен бүтүрдүм. Ошол эле жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине тапшырып 2010-жылы аяктадым. 2012-жылдан ушул күнгө чейин С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин АТД кафедрасынын Электроэнергетика адистигинде окутуучу болуп эмгектенип келе жатам.
Учурда үй-бүлөөлүмүн бир уул, бир кызым бар. Жолдошум Ыбышова Айзада Майрамбековна 1988-жылы 11-майда Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылында туулган. 2005−2010-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.
2010-жылдан ушул күнгө чейин Нарын мамлекеттик университетине студенттик кадрлар бөлүмүндө архивариус кызматын аркалайт.
Эмгек жолум: 2010−2011- жылы Кесип бирликтеринин Нарын облустук кеңешинде Техникалык инспектор кызматында иштегем.
2011−2012- Нарын электр тармактар ишканасында инспектор кызматында иштедим.
2012-жылдан ушул күнгө чейин С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин АТД кафедрасынын Электроэнергетика адистигинде окутуучу болуп эмгектенип келе жатам.
НМУ тарабынан берилген сыйлыктар
2014- жылы тил күнүнө карата өткөрүлгөн бир айлыкта жигердүү катышкандыгы үчүн сыйлоо баракчасы.
Cертификат:
- «Дистанционные образовательные технологии в инновационной деятельности вуза» 2013
- «Педагогикалык процесс: компетенциялар жана компетентүүлүк» 2014
Төмөнкү предметтерден окуу методикалык комплекс түзүлдү:
- Электр техникалык материалдар
- Схемотехника
- Маалымат-өлчөө техникасы жана электроника
- Технологиялык жана диспетчердик башкаруунун техникалык каражаттары
- Электр чордондорунун жана көмөк чордондордун шаймандарын иштөө тартиби